ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген инвестиция кескин өстү

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү кескин өскөнүн Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында республиканын экономикасына 61 миллион доллар инвестиция салынган. Салыштыра кетсек, өткөн жылдын ушул мезгилинде бул сумма 37 миллион долларды түзгөн.
Инвестициялардын үчтөн экиси Россиядан келгени белгиленген.
ЕЭК Индия менен эркин соода боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады