Бул жайда россиялыктар көбүрөөк каякта эс алган. Сандар

Sputnik
Россиялыктар жайында чет мамлекеттерге көп чыга баштады. Анын ичинде коңшу өлкөлөр, өзгөчө КМШ республикалары басымдуулук кылат.
Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье каналы отелдерди алдын ала онлайн ээлеп койгон "Островок" кызматына таянып жазды.
Россия жарандарынын мейманкананы алдын ала ээлеп коюу боюнча көрсөткүчүн карасак, Казакстанда 64 пайыз болгон. Санай келгенде Арменияда 55 пайызга, Грузияда 37, Кыргызстанда 27, Өзбекстанда 16 пайызга арбыган.