Пресс-борбор

Бишкекте өткөн Евразиялык аналитикалык форумда кабыл алынган чечимдер

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун Координациялык кеңешинин жооптуу катчысы Виталий Волчков Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн видеоконференцияда Евразиялык аналитикалык форумда кандай чечимдер кабыл алынганын айтып берди.
Евразиялык маалыматтык-аналитикалык консорциумдун Координациялык кеңешинин жооптуу катчысы Виталий Волчков (экранда)
Бишкекте Чоң Евразиянын өнүгүүсүнө жана коопсуздугуна арналган Евразия аналитикалык форуму өттү. Волчковдун айтымында, Славян университеттерине жаш талдоочулар мектебин, квалификациясын жогорулатуучу аналитикалык курстарды уюштуруу, “Евразиянын жаш аналитиги” эл аралык сынагынын катышуучуларына методикалык жардам көрсөтүүнү сунуштоо чечими кабыл алынды. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы улуттук университеттеринин жетекчилигине студенттерди, аспиранттарды жана жаш илимпоздорду сынакка катышууга шыктандыруу жана Беларуста, Тажикстанда, Арменияда бул долбоордун улуттук секцияларын түзүү сунушталат.
Ошондой эле жаштар жана студенттер үчүн Евразиялык билим берүү фестивалдарын өткөрүү жана ЖККУнун аскердик-спорттук жаштар борборун түзүү чечими кабыл алынды.
Эксперт: Евразия мейкиндигинде коопсуздук системасы өзгөрдү