Асыл тукум уй багып, кирешени көбөйтүңүз. Министрлик фермерлерге кеңеш берди

Sputnik
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Айыл чарба министрлигинин ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы фермерлерди мал чарбачылыктан жогорку киреше алуу үчүн асыл тукум малды көбөйтүүгө жана заманбап технологияларды пайдаланууга чакырды.
Мекеме асыл тукум букаларды тандоо, жасалма уруктандыруу, сапаттуу тоют менен камсыздоо жана так эсеп жүргүзүү аркылуу уйдун сүт өндүрүмдүүлүгүн 20–25 пайызга жогорулатууга болорун белгилеген.
"Мисалга алсак, "Чабрец" асыл тукум заводундагы швиц породасындагы Заноза, Зорка, Блондинка жана Зелень аттуу уйлар бир жылдын 305 күнүндө 9 миң литрден ашык сүт берет. Бул көрсөткүч өлкөдө сүт багытындагы мал чарбасын жаңы деңгээлге көтөрүү мүмкүн экенин айгинелейт", — деп айтылат маалыматта.
Веткызмат асыл тукум мал багууну каалагандарды жасалма уруктандырууга өтүүгө үндөдү.
Пресс-борбор
Кыргызстандагы койдун кайсы породасына чет элде кызыгуу күчөгөнү айтылды