БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандык Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль алды.
Финалдык кармашта эквадорлук спортчу Генесис Росангела Валдезди менен кармашып, 2:4 эсебинде жеңилип калды. Балбан кыздар 76 салмак менен таймашты.
Жарым финалда Айпери Европанын чемпиону, украиналык Анастасия Алпееваны 10:5 эсебинде утуп, ага чейин Түркия жана АКШ спортчуларын да ишенимдүү жеңген.
Быйылкы чемпионат Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жатат.
Айпери Медет кызы буга чейин дүйнө чемпионаттарында коло жана күмүш медаль уткан.