Анализсиз кино болбойт: режиссер эмнеге көңүл бурушу керек? «Фильм анализи: ар бир кадрдын көрүүчүгө тийгизген күчү»

Sputnik
Бул жолу «Стоп кадр» уктуруусунда биз фильмдердин көрүүчүлөргө тийгизген таасири тууралуу кеп кылдык. Бүгүнкү каарманыбыз Бегим Жолдубай кызы учурда Түркияда Айдын Аднан Мендерес университетинде кино бөлүмүндө докторантурада билим алууда. Режиссердун айтымында, фильмдер элге сунушталар алдында сөзсүз түрдө көрүүчүгө кандай таасир берерин анализдеп чыгыш керек.