ИИМ маалыматы: Балдарга карата сексуалдык ыдык фактылары өсүүдө

Sputnik
Маек балдар арасындагы зордук-зомбулук маселесине арналды. Катышуучулар азыркы учурда Кыргызстанда балдарга каршы зордук-зомбулук фактыларынын канчалык деңгээлде катталып жатканын жана алардын алдын алуу чараларын талкуулашты.
Нуржан Адылова балдарга карата физикалык жана психологиялык зомбулуктун алдын алуу үчүн ИИМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерди баяндады. Ал жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мектептерде коопсуздук сабактарын уюштуруу жана зомбулук фактылары боюнча ыкчам чараларды көрүү маанилүү экенин белгиледи. Ошондой балдарга жасалган сексуалдык зомбулуктун көбөйгөнүн баса белгиледи.
Умида Абылгазиева балдардын укуктарын коргоо жаатында Акыйкатчы институтунун жүргүзгөн мониторингин баяндады. Ал балдарга каршы зордук-зомбулук фактыларын аныктоо жана ага юридикалык баа берүү, ошондой эле үй-бүлө жана мектеп менен тыгыз иштешүү маанилүү экенин айтты.