Кыргызстанда мамлекеттик пенсиялык топтолмо фонддон тышкары жеке фонддор да иш алып барат. Негизи өлкөдө пенсия жөнүндө алдын ала ойлонгондор өтө көп эмес. Топтолмо пенсиялык фонд деген кандай иштейт? Жеке пенсиялык фонд менен мамлекеттик социалдык фонддун кандай айырмачылыгы бар? Эмнеге пенсияны жеке фондго таптогон ыңгайлуу? Бул суроолорго “Кыргызстан” топтолмо пенсиялык фондунун директорунун орун басары Башарат Молдокулова жооп берди.