Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Бишкекте 23-24-сентябрда II Россия-Кыргыз билим берүү форуму өтөрүн Россотрудничествонун маалымат кызматы билдирди. Форум эки өлкөнүн билим берүү, илимий уюмдары жана бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосундагы диалог үчүн негизги аянтча болуп калат. Россия менен Кыргызстандын университеттеринин өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, өнөр жай өнөктөштөрү менен практикалык кызматташуусу негизги тема болот. Мындан тышкары, билим берүү, илим жана бизнес тармагындагы эксперттердин тегерек столдору, талкуу панелдери жана мастер-класстары, жаштардын ишкердик жана стартап долбоорлорунун презентациялары, билим берүү дипломатиясын өнүктүрүүгө арналган сессиялар, Кыргызстанда ийгиликтүү карьераны курууда орус тилинин ролу, азыркы эмгек рыногунун талаптары жана кадрларды даярдоонун тенденциялары тууралуу талкуу жүрөт. 80ден ашык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 20дан ашык семинарлар, мастер-класстар жана тегерек столдор пландаштырылган. Иш-чаранын жыйынтыгында биргелешкен билим берүү жана илим-изилдөө программаларын ишке ашыруу, анын ичинде эки өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторунун кызыкчылыгы үчүн бир катар келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.
Россиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстан менен мунай жана мунай продуктыларын жеткирүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашуунун протоколун расмий түрдө ратификациялады.Маалымдалгандай, бул документ 2024-жылдын 20-декабрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган. Максаты — бажы башкаруусунун учурдагы эрежелерин сактап калуу болуп саналат. Документ мунай жана мунай продуктуларын түтүк жолу менен ташууга убактылуу мезгилдүү бажы декларациясын колдонуунун мөөнөтүн узартууну карайт. 2024-жылдын 31-декабрынан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн жаңы протокол убактылуу колдонууга кирди. Бул документ 2025-жылдын 1-январынан баштап Россиядан Кыргызстанга түтүк аркылуу ташыла турган мунай жана мунай продуктыларын индикативдик баланс негизинде, убактылуу декларация аркылуу расмий каттоону талап кылат.Аталган кадам Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы энергетикалык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.
Быйыл Ысык-Көл облусунда алмуруттун түшүмү мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы болду. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, натыйжада сатып алуучулардын саны көбөйүп, баалар жогорулады. Учурда алмурут Алматы шаарына экспорттолууда. Сатуучулар алмурутту муздаткычта сактап, жаңы жылга чейин сатууну пландашууда. Багбандардын айтымында, акыркы жылдары алмурут бактарын өстүргөндөр көбөйүп, жаңы сортторду эксперимент катары эгип жаткандар көп болууда. "Токой" сорту акырындык менен калыбына келип, жакшы түшүм берип жатат. Акыркы беш жыл ичинде 30дан ашык жаңы сорт чыгарылган. Жылдан-жылга көп түшүм алган дыйкандар айдоо жерлерин көбөйтүүнү пландап жатышат. Алмурут минералдарга жана витаминдерге бай болгондуктан, кош бойлуу аялдарга сунушталат. Жегенде арыктоого, холестерин деңгээлин төмөндөтүүг