БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууну колдой турганын билдирди.
Анын айтымында, муну демилгелегендер негиздүү себептерди келтирип, 32 депутат кол койгон. Ал тиешелүү тапшырмаларды берип, бул багытта иш башталганын кошумчалады. Төрага демилгечи топтун "эки шайлоо катар келип калып, саясий жана экономикалык маселелер жаралышы мүмкүн" деген жүйөсү негиздүү экенине токтолгон.
"Шайлоолорду арты-артынан өткөрүү БШК үчүн бардык жактан оор болот. Ошондуктан бир шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөнү туура", — деди Тургунбек уулу.
Эске салсак, буга чейин айрым депутаттар шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү жактап, парламентте өзүн-өзү таратуу боюнча демилгелүү топ түзүлгөн.