БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. ЖККУнун тез арада аракетке келүүчү жамааттык күчтөрү Борбор Азия чөлкөмүндө жаралган кооптуулуктар менен көйгөйлөргө илгиртпей жана өзүнүн тиешелүү жообун берүүгө даяр турушу керек. Бул туурасында ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов "Рубеж — 2025" машыгуусунун алдында айтты.
Бул сааттарда Балыкчыга чукул жайгашкан "Эдельвейс" полигонунда Борбор Азия аймагынын тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү менен "Рубеж — 2025" командалык-штабдык машыгуусу өтүп жатат.
Башкы катчы белгилегендей, машыгуулар татаал эл аралык кырдаалда башталып жатат. Ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарында жаңы чыңалуу очоктору пайда болуп, эски жаңжалдар курчуп жаткандыгын эске салды.
Тасмагамбетовдун айтымында, Жакынкы Чыгыштан чыккан радикалдык-экстремисттик топтордун Борбор Азия өлкөлөрүндөгү элге, өзгөчө, жаштарга өзүнүн идеологиясын жайылтып, катарына тартуу кооптуулугу турат.
ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов
© Фото / пресс-служба Минобороны КР
"Бүгүн алдыга коюлган аскердик жааттагы милдеттерди аткаруу үчүн улуттук армиялар, мамлекеттердин башка күч түзүмдөрү, ЖККУнун тез аракетке келүүчү жамааттык күчтөрү өздөрүнүн арасындагы иштерин так, даана алып барышы шарт. Алар аймактагы аскердик коопсуздукту сактоо, анын ичинде тыштан жасалган агрессиянын, кол салуунун мизин кайтаруу жана террорчулукка каршы операцияны жүргүзүү үчүн түзүлгөн ", — деген Тасмагамбетов.