Моди: АКШнын Украина жаңжалын тынчтык жолу менен жөнгө салуу демилгесин колдойбуз

Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Индиянын премьер-минстри Нарендра Моди өлкө Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча АКШнын демилгелерин колдой турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу баарлашкан.
"Биз сиздин Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган демилгелериңизди колдойбуз", — деген Моди.
Ал ошондой эле индиялык-америкалык ар тараптуу жана глобалдык өнөктөштүктү жаңы бийиктикке чыгарууга умтуларын белгилеген.
Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен "керемет сүйлөшүү" өткөргөнүн, ага Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргенин айтты.
"Мен досум, премьер-министр Нарендра Моди менен жаңы эле баарлаштым. Мен аны туулган күнү менен куттуктадым. Ал укмуштуудай жумуштарды жасап жатат. Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууга кошкон салымы үчүн рахмат", — деп жазды Трамп TRUTH Social социалдык тармагына.
ЕЭК Индия менен эркин соода боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады