Жапаров: Алтайды изилдөө менен түрк элдерин тереңирээк түшүнүүгө жол ачылат

Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Садыр Жапаров кыргыз эли Алтай менен тарыхый жана руханий байланышты сезип турарын, орто кылымдарда Алтай кыргыздардын мекени болгонун айтты.
"Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени. Түрк цивилизациясынын жаралуу тарыхына карай" аттуу эл аралык конференциянын катышуучуларына президенттин кайрылуусун мамлекеттик катчы Марат Иманкулов окуп берди.
Президент Садыр Жапаров
"Алтай жөн гана географиялык мейкиндик эмес. Ал — түрк мамлекеттүүлүгүнүн, маданиятынын, тилинин, салт-санаасынын жана дүйнө таанымынын негиздери калыптанган жер. Анда азыркыга чейин дүйнөнүн булуң-бурчундагы миллиондогон түрк элдерин бириктирип турган руханий коддор жаралган", — деди президент.
Өлкө башчы глобалдык трансформациялар доорунда руханий жана маданий тамырларды сактоонун мааниси өзгөчө сезилерин айтып, Алтайды изилдөө менен түрк элдерин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк болорун белгилеген.
Жапаров конференциянын жыйынтыктары элдердин бир туугандык байланышын чыңдоого маанилүү кадам болоруна ишеним артты.
Путин: жалпы тарых Евразия элдеринин өнүгүшүнүн пайдубалы болушу керек