БАЛЫКЧЫ, 17-сен. — Sputnik. Бул жөн гана машыгуу эмес, бул ЖККУнун аскерий даярдыгын текшерүү, абал тынч эмес, трансулуттук кооптуулуктан баштап аймактагы кырдаалды чайпалтууга чейинки чакырыктарга даяр турушубуз керек. Мындай билдирүүнү коргоо министринин орун басары Эрлис Тердикбаев ЖККУнун Балыкчыдагы "Рубеж — 2025" окуу-машыгуусунун ачылышында жасады.
"Бул — биздин аскердик даярдыгыбызды, кызматташуубузду, ишенимди жана кооптуулук жаралган учурда бир муштум болуп иштөө жөндөмүбүздү текшерүү. Полигондо командачылыктын өз ара иштешүүсүнүн элементтери, курал-жарак, техниканын ийкемдүүлүгү каралат. Ар бир аскер кызматкеринен тактык, темирдей тартип, жогорку деңгээлдеги даярдык талап кылынат. Коюлган милдеттерди так аткарып, жамааттык күчтөрдүн биримдигин жана ырааттуулугун көрсөтүп, Борбор Азия региону бекем корголуп жатканын далилдеп бересиңер деп ишенем", — деди Тердикбаев.
"Рубеж — 2025" окуу-машыгуусуна Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстандын аскер кызматкерлери, ЖККУ катчылыгы менен Бириккен штабынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын "Эдельвейс" полигонунда өткөн ачылышында уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлик Тердикбаев жана башкалар болду. Окуу-машыгууга армия жана учкучсуз авиациянын бөлүктөрү, сооттолгон техника, аскердик катерлер тартылды. Жалпы жонунан аскердик техниканын 500 бирдиги колдонулмакчы.