Иш-чаранын ачылыш салтанатына ЖККУнун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов, Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлик Тердикбаев, Балыкчы гарнизонунун аскердик прокурору Өмүрбек Эрматов жана башкалар катышты.
Машыгууга Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстандын аскер кызматкерлери жана ЖККУ катчылыгы менен Бириккен штабынын өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын алкагында журналисттерге колдонула турган армиялык жана учкучсуз авиациянын маневрлары, сооттолгон техника, ошондой эле аскердик катерлер көрсөтүлдү. Жалпы жонунан 500дөй аскердик техника жана ЖККУ өлкөлөрүнөн 1 200 аскер кызматкери тартылган.
Баш катчы Тасмагамбетов Борбор Азия мамлекеттери үчүн Жакынкы Чыгыштан региондун түштүк чек арасынан өтүп келүүчү радикалдык-экстремисттик топтор, алардын идеологиясынын жайылышы жана жаштардын азгырылышы чоң кооптуулук жаратарын белгиледи. Азыркы окуу-машыгуулар командирлер менен штабдардын даярдыгын жана согуштук аракеттерди жүргүзүү ыкмаларын жакшыртууга багытталганына токтолду.
Ал эми Тердикбаев "Рубеж — 2025" жөн гана машыгуу эмес, аскердик даярдыкты, кооптуулук жаралган учурда бир муштум болуп иштөө жөндөмүн текшерүү экенин айтты.
Тема боюнча: