БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин "Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени. Түрк цивилизациясынын жаралуу тарыхына карай" аталышындагы II эл аралык илимий конференциянын катышуучуларына кайрылды. Документти мамлекет башчынын жардамчысы Владимир Мединский окуду.
"Алтай – түрктөрдүн түпкү мекени. Түрк цивилизациясынын жаралышынын тарыхына карай" аталышындагы II эл аралык илимий-практикалык конференцияга кош келипсиздер. Форумуңардын өткөрүлүшү жакшы салтка айланып бараткандыгы кубандырат. Бүгүн Алтай Республикасы дагы бир жолу Россиядан жана чет өлкөлөрдөн келген алдыңкы илимпоздорду, адистерди, бийлик органдарынын өкүлдөрүн меймандостук менен тосууда", – деп айтылат президенттин куттуктоосунда.
Мамлекет башчы бул конференция түркология менен алтаистикадагы кеңири илимий маселелерди талкуулаарын белгилеген. Андан сырткары, Евразиянын башка элдеринин келип чыгышына байланыштуу да кеп болоруна токтолуп, бул континент чындыгында байыркы цивилизациянын бешиги экендигин айткан.
"Тарыхыбыздагы жалпы барактар, ата-бабаларыбыздын эрдиктери, эмгектеги жетишкендиктери аймактар жана эл аралык гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүдө, адамдар ортосундагы достук менен өз ара түшүнүшүүнү чыңдап, түптөөдө бекем пайдубал болушу керектигин ишенимдүүлүк менен айта алам. Ишиңер жемиштүү болсун", – деген Путин.
Иш-чараны Россиянын Аскердик-тарыхый коому, РФтин Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институту, Россиянын "Билим" коомчулугу, Россиянын Тарыхый коому Алтай Республикасынын өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурууда.
Жалпы маданий-тарыхый мейкиндикти изилдөө жана сактоо боюнча биргелешкен аракеттерди жасоо – иш-чаранын негизги темаларынын бири. Эл аралык авторлордун ири тобу даярдаган негизги эмгектин – "Түрк цивилизациясынын жылнаамасынын" II тому тааныштырылмакчы.
Форум Россиядан, Беларустан, Венгриядан, Казакстандан, Кытайдан, Кыргызстандан, Монголиядан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Түркиядан жана Өзбекстандан келген 500гө жакын окумуштуу, студент, изилдөөчүлөрдүн, анын ичинде алтаистика жана түркология тармагындагы дүйнөгө таанымал эксперттердин катышуусунда өтүүдө. Алар Чоң Алтай элдеринин тарыхы жана маданиятындагы эң маанилүү маселелерди талкуулашат.