БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстан үчүн азыркы дүйнөлүк туруксуздуктун шартында тарыхты бурмалабай сактап калуу маанилүү. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Марат Иманкулов "Алтай — түрктөрдүн мекени. Түрк цивилизациясынын жаралышынын тарыхы" аттуу эл аралык конференцияда билдирди.
Иш-чара Алтай Республикасындагы (Россия) "Миң жүрөк" курортунда өтүп жатат. Иманкулов Алтай байыртадан эле түрк цивилизациясынын бешиги катары саналып, ал жерде бир кезде кыргыздардын жана башка аймактагы элдердин ата-бабалары жашаганын белгиледи.
"Бизде жалпы маданият, тил, менталитет сакталып калды. Биз бир аз мурда эле бир өлкөдө — Советтер Союзунда жашадык, муну унутпашыбыз керек. Ошондуктан тарыхты сактоо биз үчүн өзгөчө мааниге ээ", — деди ал.
Мамлекеттик катчы КМШ өлкөлөрү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын кеңири белгилеп жатканын эске салды. Ал азыркы убакта көптөгөн жаштар ата-бабалардын эрдигин унуткарып баратканын белгиледи.
"Ата-бабаларыбыз кандай эрдиктерди жасаганы жаштардын эсинен чыгып баратат. Эгер бул жеңиш болбогондо биз конференцияны ушул жерде өткөрөт белек, өткөрбөйт белек, элдерибиз бул мейкиндикте жашайт беле, жашабайт беле, чоң суроо. Бул жетишкендик дүйнөлүк мааниге ээ. Биз тарыхты сактап, жаш муундарыбызга өткөрүп беришибиз керек. Ошондо гана алар кийинки муунга өткөрүп бере алат", — деди ал.
Иманкулов кошумчалагандай, мындай илимий иш-чаралар Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү жана союздаштары болгон Россия менен Казакстандын, региондогу башка дагы өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.