КамАЗ кулап, айдоочусу каза болгон Эки-Нарындагы көпүрө жасалып бүттү. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 17-cен. — Sputnik. КамАЗ кулап, айдоочусу каза болгон Эки-Нарындагы көпүрө жасалып бүтүп, ишке берилди.
Транспорт министрлиги алгач көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жүргүзүлгөнүн белгиледи. Андан соң көпүрөнүн негизги конструкциясы чогултулуп, монтаждалган. Темир тосмолору жана тиешелүү жол белгилери орнотулду. Азыр көпүрөнүн эки жагына парапет коюу иштери калды.
Эскерте кетсек, 13-августта Нарын облусунун Дөбөлү айыл өкмөтүнө караштуу Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын туташтырган көпүрө урап, жүк ташуучу унаа сууга кулап кеткен. Айдоочунун сөөгү эки күндөн кийин табылган.
Нарындын чуулуу көчөлөрүн эми Транспорт министрлиги өзү жасайт