Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Соңку чекит болот". Батышта Украина апаатка жакындап калганын айтышууда

Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Украинадагы жаңжалдын аякташы Киевдеги саясий режимди жалпысынан, ал эми жеке Владимир Зеленскийдин өмүрүн өзгөчө коркунучка такайт. Бул туурасында немец журналисти Патрик Бааб айтканын РИА Новости жазды.
"Украина акырындык менен утулуп бара жатат, Россия согушта жеңүүдө... Бир нерсе ачык эле көрүнүп калды, Украинадагы кармаштын аягы Зеленскийдин саясий бийлигинин соңу болот. Эми анын өмүрү кооптуулукта турат", — деп белгилеген ал.
Журналист мындан улам Киевдин саясий күчтөрү бардык мүмкүнчүлүгүн Россия менен тынчтык келишимин түзүүгө жумшаш керектигин айткан.
РФтин Коргонуу министрлигинин маалыматына таянсак, өткөн суткада украин күчтөрү 1 435 аскеринен, сооттолгон алты автотехникасынан жана 10 артиллериялык куралынан кол жууган.
Украин депутаты: Зеленский өлкөгө, дүйнөгө кооптуу, бийликтен кетсин