БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Балыкчыдагы "Эдельвейс" полигонунда ЖККУнун “Рубеж — 2025” командалык-штабдык машыгуулары башталды.
Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана ЖККУнун катчылыгынын жана Бириккен штабынын аскер кызматкерлери катышууда.
Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев жана башка расмий өкүлдөр катышты.
Машыгууларда армия авиациясынын бөлүктөрү, учкучсуз авиация, сооттолгон техника, аскердик катерлер колдонулуп жатат. Жалпысынан 500дөй аскердик техника жана 1,2 миң адам тартылган.