Мединский: Алтай — бир нече мамлекетти бириктирген уникалдуу жер

Sputnik
БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Алтай — бир нече мамлекетти бириктирген жана тарыхый мааниге ээ уникалдуу жер. Бул тууралуу РФ президентинин жардамчысы, Россиянын Аскердик тарых коомунун төрагасы Владимир Мединский билдирди.
Ал Миң-Жүрөктө (Россия, Алтай Республикасы) өтүп жаткан "Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени. Түрк цивилизациясынын жаралуу тарыхына карай" аттуу эл аралык конференцияга катышууда.
Мединский Кыргызстан, Казакстан, Россия сыяктуу дос өлкөлөрдү Алтай мамлекеттери деп атоого болорун белгиледи.
"Дал ушул чөлкөмдө түрк элдеринин калыптанышы, кийин Евразия мейкиндигине тарап кеткендигинин төгүндөлгүс илимий далилдери атайын илимий изилдөөнүн предмети болуп саналат. Бүгүнкү күндө бул изилдөөлөр илимий гана эмес, социалдык, ал тургай белгилүү бир деңгээлде саясий мааниге ээ", — деди ал.
Мединский ошондой эле Алтай чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн жалпы ата-бабалары жашаган, адамзат цивилизациясынын пайдубалын түзгөн жер экенин кошумчалады.
Мамлекеттик катчы: Кыргызстан үчүн тарыхты бурмалабай сактап калуу маанилүү