Тоолуктардын ден соолугун бөлүп изилдеген институт 70 жыл мурда эле түзүлгөн

Sputnik
Илимдер академиясы менен чогуу ннегизделген "Тоо физиологиясы жана медицинасы" институтуна 70 жыл толуцп отурат. Бул аралыкта аталган институту бир топ баалуу эмгектерди жасаган. Тоолуктардын саламаттыгы түздө жашаган калктан айырмаланып турарын айткан институт директору Гүлнар Жунусова биздин "Кеменгер" уктуруусунун коногу болду. Профессор тоолуктардын ден соолугу чың болушу үчүн улуттук ашканадан баш тартпай, кыймылдуу жашоо образын калыптандырууну сунуштайт. Ошондой эле тоолуу аймактарга иштеп, жашоо үчүн жөнөтүлүп жаткан адистерди, ал жакта жашаган тургундарды алгач даярдоодон өткөрүп анан жиберсек, алардын саламаттыгына кам көргөн болор элек деген окумуштуу эки жылда бир өтүп турган эл аралык илимий конеференция тууралуу да айтып берди.