Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Уюмдун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрына пландаштырылган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусун өткөрүү маселеси боюнча пикир алмашуу болду. Кубанычбек Өмүралиев ошондой эле Кыргызстандын Уюмга төрагалык кылуусунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Бишкекте 23-24-сентябрда II Россия-Кыргыз билим берүү форуму өтөрүн Россотрудничествонун маалымат кызматы билдирди. Форум эки өлкөнүн билим берүү, илимий уюмдары жана бизнес-чөйрөлөрүнүн ортосундагы диалог үчүн негизги аянтча болуп калат. Россия менен Кыргызстандын университеттеринин өлкөлөрдүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, өнөр жай өнөктөштөрү менен практикалык кызматташуусу негизги тема болот. Мындан тышкары, билим берүү, илим жана бизнес тармагындагы эксперттердин тегерек столдору, талкуу панелдери жана мастер-класстары, жаштардын ишкердик жана стартап долбоорлорунун презентациялары, билим берүү дипломатиясын өнүктүрүүгө арналган сессиялар, Кыргызстанда ийгиликтүү карьераны курууда орус тилинин ролу, азыркы эмгек рыногунун талаптары жана кадрларды даярдоонун тенденциялары тууралуу талкуу жүрөт. 80ден ашык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 20дан ашык семинарлар, мастер-класстар жана тегерек столдор пландаштырылган. Иш-чаранын жыйынтыгында биргелешкен билим берүү жана илим-изилдөө программаларын ишке ашыруу, анын ичинде эки өлкөнүн экономикасынын реалдуу секторунун кызыкчылыгы үчүн бир катар келишимдерге кол коюлары күтүлүүдө.
Өлкөдө сүт өндүргөн смарт-фермаларды түзүү пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары,айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, Түштүк Кореянын NIA агенттигинин өкүлдөрү айыл чарба министринин орун басары Асель Кененбаева менен жолугушууда Кыргызстанда смарт-долбоорлорду ишке ашыруу демилгесин сунушташты. Атап айтканда: сүт өндүрүүчү смарт-ферма түзүү багбанчылык тармагына инновацияларды киргизүү Бул багыттагы иштерди илгерилетүү үчүн жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынганы кошумчаланды.
Индиянын премьер-минстри Нарендра Моди өлкө Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча АКШнын демилгелерин колдой турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу баарлашкан. "Биз сиздин Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга багытталган демилгелериңизди колдойбуз", — деген Моди. Ал ошондой эле индиялык-америкалык ар тараптуу жана глобалдык өнөктөштүктү жаңы бийиктикке чыгарууга умтуларын белгилеген. Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен "керемет сүйлөшүү" өткөргөнүн, ага Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргенин айтты.