Өлкөдө күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баалары кантип жөнгө салынууда?

Sputnik
Өлкөдө социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын баасы жогорулаганда гана чектөө киргизилет. Учурда эттин баасына 90 күндүк чектөө коюлуп, көптөгөн сатуучулар текшерилип, мыйзам бузгандарга айып салынууда. Монополияга каршы кызмат социалдык маанидегиазык-түлүк товарларына мамлекеттик баа чегин киргизүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул мыйзам кабыл алынса, социалдык маанилүү азык-түлүк жана ага кирбеген кеңири товарлардын бааларын да жөнгө салууга шарт түзүлөт. Мындай чаралар калктын негизги керектөөлөрүн коргоого багытталган. Негизи эле азык-түлүктөрдүн бааларынан кымбатташына товар жеткиликтүүлүгү, экономикалык шарттар жана рыноктук жагдайлар таасир этет. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов айтып берди.