Өлкөнүн социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондор кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу министрлер кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланып, алкышка татыды. Сыйлыктарды министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тапшырды. Ал өз сөзүндө бүгүнкү сыйлык ээлеринин арасында өз ишинде мыкты натыйжаларга жетишкен ар кыл тармактын ээлери бар экенин айтып, алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалады.
Агартуу министрлиги тарабынан жыл сайын уюштурулуп келе жаткан “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагына быйыл 118 талапкер таймашат. Мекемеден билдиришкендей, быйылкы сынак Кыргызстандын бардык облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан келген жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген мугалимдердин арасында өткөрүлүп жатат. Жалпысынан 18 номинация боюнча 118 мыкты мугалим күч сынашат. Конкурстун финалдык этабы 2025-жылдын 22-24-сентябрында Бишкек шаарында өтөт. Финалга чыккан мугалимдер кесиптик чеберчилигин, чыгармачылык жөндөмүн жана заманбап билим берүү усулдарын колдонуудагы тажрыйбасын көрсөтүшөт. Бул конкурс аркылуу өлкөнүн билим берүү системасында мыкты тажрыйбаларды жайылтуу жана мугалимдердин коомдогу ордун дагы да жогорулатуу көздөлөт.
2021-2025-жылдар аралыгында Кыргызстанда 34 саламаттык сактоо объектиси курулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул үчүн республикалык бюджеттин "Капиталдык салымдар" беренесинен жалпы суммасы 5 млрд 973 млн 149 миң 900 сом каралган. Облустар боюнча алганда: Жалал-Абад облусунда – 9; Ош облусунда – 8; Ысык-Көл облусунда – 4; Бишкек шаарында – 3; Чүй облусунда – 3; Баткен облусунда – 3; Нарын облусунда – 3; Талас облусунда – 1 объект курулган.
Бул жөн гана машыгуу эмес, бул ЖККУнун аскерий даярдыгын текшерүү, абал тынч эмес, трансулуттук кооптуулуктан баштап аймактагы кырдаалды чайпалтууга чейинки чакырыктарга даяр турушубуз керек. Мындай билдирүүнү коргоо министринин орун басары Эрлис Тердикбаев ЖККУнун Балыкчыдагы "Рубеж — 2025" окуу-машыгуусунун ачылышында жасады. "Бул — биздин аскердик даярдыгыбызды, кызматташуубузду, ишенимди жана кооптуулук жаралган учурда бир муштум болуп иштөө жөндөмүбүздү текшерүү. Полигондо командачылыктын өз ара иштешүүсүнүн элементтери, курал-жарак, техниканын ийкемдүүлүгү каралат. Ар бир аскер кызматкеринен тактык, темирдей тартип, жогорку деңгээлдеги даярдык талап кылынат. Коюлган милдеттерди так аткарып, жамааттык күчтөрдүн биримдигин жана ырааттуулугун көрсөтүп, Борбор Азия региону бекем корголуп жатканын далилдеп бересиңер деп ишенем", — деди Тердикбаев. "Рубеж — 2025" окуу-машыгуусуна Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстандын аскер кызматкерлери, ЖККУ катчылыгы менен Бириккен штабынын өкүлдөрү катышууда. Окуу-машыгууга армия жана учкучсуз авиациянын бөлүктөрү, сооттолгон техника, аскердик катерлер тартылды. Жалпы жолунан аскердик техниканын 500 бирдиги колдонулмакчы.