Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы түрлөрүн өстүрүү: мүмкүнчүлүкпү же тобокелдикпи?

Sputnik
Өлкөдө айыл чарба тармагын өнүктүрүү максатында жаңы өсүмдүк түрлөрүн киргизүү боюнча аракеттер көрүлүп келет. Климаттык өзгөрүүлөргө, суу тартыштыгына жана базар талабына жооп берүү үчүн айыл чарба министрлиги чет өлкөлөрдөн түшүмдүүлүгү жогору жана жер шарттарына ылайыктуу үрөндөрдү алып келип, пилоттук долбоорлор аркылуу дыйкандарга сунуштоодо. Жаңы өсүмдүктөр фермерлер үчүн киреше табуунун альтернативдүү булагы болуп эсептелет. Бирок тобокелдиктер да бар. Айлана-чөйрөгө ылайыктуулугу, ооруларга туруктуулугу жана рыноктогу суроо-талап эске алынууга тийиш. Ошондуктан министрлик бул багытта үрөн менен камсыздоо, окутуу жана субсидия берүү аркылуу колдоо көрсөтүп келет.Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жетектөөчү адиси Рахат Каныбекова айтып берди.