Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Садыр Жапаров кыргыз эли Алтай менен тарыхый жана руханий байланышты сезип турарын, орто кылымдарда Алтай кыргыздардын мекени болгонун айтты. "Алтай — түрктөрдүн мекени. Түрк цивилизациясынын жаралышынын тарыхы" аттуу эл аралык конференциянын катышуучуларына президенттин кайрылуусун мамлекеттик катчы Марат Иманкулов окуп берди. "Алтай жөн гана географиялык мейкиндик эмес. Ал — түрк мамлекеттүүлүгүнүн, маданиятынын, тилинин, салт-санаасынын жана дүйнө таанымынын негиздери калыптанган жер. Анда азыркыга чейин дүйнөнүн булуң-бурчундагы миллиондогон түрк элдерин бириктирип турган руханий коддор жаралган", — деди президент. Өлкө башчы глобалдык трансформациялар доорунда руханий жана маданий тамырларды сактоонун мааниси өзгөчө сезилерин айтып, Алтайды изилдөө менен түрк элдерин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк болорун белгилеген. Жапаров конференциянын жыйынтыктары элдердин бир туугандык байланышын чыңдоого маанилүү кадам болоруна ишеним артты.Ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин да аталган илимий конференциянын катышуучуларына кайрылды. Документти мамлекет башчынын жардамчысы Владимир Мединский окуду.Мамлекет башчы бул конференция түркология менен алтаистикадагы кеңири илимий маселелерди талкуулаарын белгилеген. Андан сырткары, Евразиянын башка элдеринин келип чыгышына байланыштуу да кеп болоруна токтолуп, бул континент чындыгында байыркы цивилизациянын бешиги экендигин айткан.Форум Россиядан, Беларустан, Венгриядан, Казакстандан, Кытайдан, Кыргызстандан, Монголиядан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Түркиядан жана Өзбекстандан келген 500гө жакын окумуштуу, студент, изилдөөчүлөрдүн, анын ичинде алтаистика жана түркология тармагындагы дүйнөгө таанымал эксперттердин катышуусунда өтүүдө. Алар Чоң Алтай элдеринин тарыхы жана маданиятындагы эң маанилүү маселелерди талкуулашат.
Балыкчыда ЖККУнун “Рубеж — 2025” командалык-штабдык машыгуулары башталды. Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана ЖККУнун катчылыгынын ошондой эле Бириккен штабынын аскер кызматкерлери катышууда.Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Кыргызстандын коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев жана башка расмий өкүлдөр катышты. Машыгууларда армия авиациясынын бөлүктөрү, учкучсуз авиация, сооттолгон техника, аскердик катерлер колдонулуп жатат. Жалпысынан 500дөй аскердик техника тартылган.
Украинадагы жаңжалдын аякташы Киевдеги саясий режимди жалпысынан, ал эми жеке Владимир Зеленскийдин өмүрүн өзгөчө коркунучка такайт. Бул туурасында немец журналисти Патрик Бааб айтканын РИА Новости жазды. "Украина акырындык менен утулуп бара жатат, Россия согушта жеңүүдө... Бир нерсе ачык эле көрүнүп калды, Украинадагы кармаштын аягы Зеленскийдин саясий бийлигинин соңу болот. Эми анын өмүрү кооптуулукта турат", — деп белгилеген ал. Журналист мындан улам Киевдин саясий күчтөрү бардык мүмкүнчүлүгүн Россия менен тынчтык келишимин түзүүгө жумшаш керектигин айткан. Россиянын Коргонуу министрлигинин маалыматына таянсак, өткөн суткада украин күчтөрү 1 435 аскеринен, сооттолгон алты автотехникасынан жана 10 артиллериялык куралынан кол жууган.