Жыл сайын өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде Россия, Кытай, Венгрия, Япония жана Түркия сыяктуу өлкөлөрдөн бөлүнгөн квоталар аркылуу кыргызстандык абитуриенттер аталган мамлекеттерден жогорку билим ала алышат. Бүгүнкү күндө айыл чарба, медицина жана инженерия тармактарындагы адистерди даярдоого басым жасалууда. 2025–2026-окуу жылына карата Кыргызстандын бүтүрүүчүлөрү кайсы өлкөлөргө окууга тапшыра алышты? Чет өлкөлөрдөн канча орун бөлүндү? Ошондой эле Кыргызстандын жогорку окуу жайлары быйыл кайсы мамлекеттерден студенттерди кабыл алды? Ушул жана башка суроолорго "Күн башат" берүүсүнүн алкагында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү Турукмен Жабудаев менен Айнура Асанкызыдан жооп ала алдык.