Радио

Депутат: жаштар иштери боюнча улуттук агенттик түзүү зарыл

Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков өлкөдө жаштар саясатына мамлекет тарабынан ырааттуу, институционалдык деңгээлде көңүл бурулушу керектигин айтты.
Sputnik
Жогорку Кеңеште президентке караштуу Жаштар иштери боюнча улуттук агенттик түзүү демилгеленди. Жаштар иштерине басым жасалып, өлкөнүн келечеги болгон жаш муундун потенциалын толук ишке ашырууда системалуу саясат керектигин Табылды Муратбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, постсоветтик өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда жаштар саясатына көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо төмөн.
"Жогорку Кеңеште президентке караштуу Жаштар иштери боюнча улуттук агенттик түзүүнү демилгеледим. Себеби жаштар иштерине басым жасалып, өлкөнүн келечеги болгон жаш муундун потенциалын толук ишке ашырууда системдүү саясат керек. Мамлекет тарабынан ырааттуу, институционалдык деңгээлде көңүл бурулса жакшы натыйжа болот. Жаштардын үнүн угуу жана алардын көйгөйлөрүн чечүүдө агенттик маанилүү платформа болот. Алсак, постсоветтик өлкөлөргө салыштырганда Кыргызстанда жаштар саясатына мамлекеттик колдоо төмөн. Азербайжанда министрликтин, Өзбекстанда президентке караштуу агенттик деңгээлинде иш жүрүп барат. Каражат да көп бөлүнөт, штаттык бирдик да чоң", — деди Муратбеков.
Ошондой эле эл өкүлү министрлер кабинети, тиешелүү тараптар менен агенттик түзүү, жаштар иштери боюнча тыгыз иш алып барууга даярдыгын кошумчалады.