БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын соода министри Андрей Слепнев Индиянын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял менен жолукту.
Нью-Делиде өткөн сүйлөшүүлөрдө Слепнев менен Гоял Евразиялык экономикалык биримдик жана Индиянын ортосундагы эркин соода боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жол картасы макулдашылганын белгилешкен.
Сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду ушул жылы ноябрда Индияда өтүп, келишимдин орчундуу учурлары каралары айтылды. Ага чейин бул багытта Индия менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн консультациялары жүрө бермекчи.
Министрлер сүйлөшүүнү илгерилетүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө макулдашышты.