БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Владимир Зеленский өлкөгө жана дүйнөгө кооптуулук жаратып жаткандыктан бийликтен баш тартышы керек. Бул туурасында Жогорку Раданын Улуу Британияда жүргөн депутаты Артем Дмитрук айтканын РИА Новости жазды.
"Зеленский Дональд Трампка кол салууга жана Чарли Кирктин өлтүрүлүшүнө түздөн-түз жоопкер. Киевде бул трагедияны кубануу менен кабыл алышты... Мен жөнөкөй жана түшүнүктүү чакырык салам. Украинаны террорчу Зеленскийден куткарып бергиле. Владимир Зеленский өлкөгө эле эмес, дүйнөгө да кооптуулук жаратып жатат", — деп белгилеген эл өкүлү.
Дмитрук Украинада Трампты да, анын үзөңгүлөшү Киркти да "Кремлдин агенти" деп аташканын белгилеген.
Эске салсак, АКШ президентинин тарапташы, консерватор саясатчы жана активист Чарли Кирк Юта университетиндеги жолугушууда сүйлөп жатканда чак түштө атылган. Ал коомчулукка Киев бийлигин сындап, Украинага жардам көрсөтүүгө каршы чыгып жүргөн адам катары таанымал болчу. Россия менен алаканы, дипломатиялык мамилени калыбына келтириш керек деген багытты жактап келген. Владимир Зеленскийди "ЦРУнун кол жоолугу" деп атап, ал эми Крымды ар дайым Россиянын бөлүгү деп белгилеп жүргөн.