БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Мэр этика ченемдерин талаптагыдай аткарбагандыктан ушундай чечим кабыл алынганы белгиленди.