БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Россия "Интервидение" эл аралык музыкалык сынагында каалоочулардын баарын, анын ичинде армениялык өнөрпоздорду да көрүүгө куштар болмок. Бул тууралуу РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров конкурска көрүлүп жаткан даярдыктын алкагында өткөрүлгөн маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Катышуучулардын арасында эмне үчүн армян маданиятынын өкүлдөрү жок деген суроо бизге багышталбашы керек. Биз баарын, армениялык досторубузду да көрүүгө куштар элек", — деген Лавров журналисттердин тийиштүү суроолоруна жооп берип жатып.
Министр Армения сынактын качан жана кайсы жерде өтөрүнөн кабардар экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Лавров "Интервидение" сынагы ар түркүн маданияттагы адамдардын баарлашуусу ушу тапта аба менен суудай керек болуп тургандыктан жанданганына токтолгон. Министр аталган конкурс мындан ары жыл сайын өтүп турарына үмүт артты.
Эскерте кетсек, Россия президенти Владимир Путин Москвада жана Москва облусунда 2025-жылы "Интервидение" эл аралык музыкалык сынагын өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Иш-чара 20-сентябрда Live Аренада өтөт. Катышууну каалаган мамлекеттердин саны 22ни түздү.
Конкурска Кыргызстандан "Номад" триосу катышып, сахнага экинчи болуп чыгат.