БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстан өзүн кайсы азык-түлүк менен камсыздай аларын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тизмектеп берди.
Бүгүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин пресс-борборунда азык-түлүк коопсуздугу боюнча брифинг өттү. Министрликтин өкүлү Мээрим Есенкулова республика өзүн камсыздай турган азыктарды атап, жети айдын көрсөткүчү менен бөлүштү.
Картошка, бакча өсүмдүктөрү, шекер, жумуртка жана сүт — мунун баары өлкөдө өндүрүлүп, толук камсыздалат;
Эт — өлкө өзүн 80% камсыздай алат;
Мөмө-жемиш, суу май — республика өзүн толук камсыздай албайт.
Адис бул алдын ала берилген маалымат экенин, так сандар жылдын соңунда айтыларын белгиледи.