Пресс-борбор

Министрлик: Кыргызстандын мөмө-жемишин Кытай дагы алып жатат

Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Соңку жылдары Кыргызстандын дан өсүмдүктөрү менен мөмө-жемиши Кытайга дагы экспорттолууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Идрисов Sputnik агенттигиндеги брифингде билдирди.
Айыл чарба министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси Туратбек Идрисов
Анын айтымында, коңшу мамлекет жүгөрү, арпа, алча, өрүк, кулпунай жана кожогат сатып алууда.
Кыргызстандын мөмө-жемиши менен жашылчасынын басымдуу бөлүгү ЕАЭБ мүчөсү болгон Россия менен Казакстанга экспорттолот. Ири кардарлардын тизмесине Өзбекстан менен Европа дагы кирет.
Пресс-борбор
Кыргызстандагы койдун кайсы породасына чет элде кызыгуу күчөгөнү айтылды