БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаанын бир катар негизги көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелерди чийүүнү пландап жатканын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, беш чоң көчөдө коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилке түшүп, бир көчөдөгүсү жаңыртылат. Алар төмөнкү көчөлөр:
Абдрахманов — Токомбаевден Жумабекке чейин (мурунку тилке жаңыртылат);
Жибек Жолу проспекти — Лермонтовдон Тоголок Молдого чейин;
Ахунбаев — 7-Апрелден Айтматов проспектине чейин;
Чүй проспекти — Лермонтовдон Ибраимовго чейин;
7-Апрель көчөсү — Жибек Жолунан Токомбаевге чейин;
Дэн Сяопин проспекти — Фучиктен Алыкулов көчөсүнө чейин.
Мэрия бул чара автобустардын ылдамдыгын жогорулатып, жол жүрүүгө кеткен убакытты кыскартарын айтууда. Мындай тилкелер борбордун айрым көчөлөрүндө капиталдык оңдоого чейин бар болчу. Бирок оңдоодон кийин асфальт ката элек, жаңы асфальтта автобустар дайыма бир тилке менен жүрсө жол катмары чөгүп кетет деген жүйө менен кайрадан чийилген эмес.