БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Америкалык консерватор активист Чарли Киркти өлтүрүүгө шектелген киши өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын башкы прокурору Памела Бонди билдиргенин Fox News кабарлады.
Ал Робинсон адам өлтүрүү боюнча биринчи даражадагы жазаны аларын кошумчалаган.
Маркум Трампка жакын адамдардын бири эле. Буга чейин АКШнын президенти күнөөлүүлөр өлүм жазасына татыктуу экенин айткан.
Кылмышка шектелип жаткан Тайлер Робинсон 22 жашта.
"Юридикалык көз караш менен алганда, губернатор айткандай, алар Ютада аткарууга мүмкүн болгон өлүм жазасын сурашат", — деген Бонди.
Башкы прокурордун айтымында, күнөө бүгүн же бир аптанын ичинде тагылат.
Ошол эле учурда Юстиция министрлиги эгер аны толук жоопко тартуу үчүн зарыл деп эсептесе, шектүүгө федералдык айып коюуга укуктуу.
Бонди кылмыш болгон жерден алынган куралдан Робинсонго таандык ДНК табылганын билдирди. Өз кезегинде ФБР директору Кэш Патель шектүү кат алышууда киши өлтүрүүгө аракет кылганын мойнуна алганын жана мурда да кылмыш жасоого ниети болгонун билдиргенин айтты.
АКШ президентинин тарапташы, консерватор саясатчы жана активист Чарли Кирк Юта университетиндеги жолугушууда сүйлөп жатканда чак түштө атылган.
Ал коомчулукка Киев бийлигин сындап, Украинага жардам көрсөтүүгө каршы чыгып жүргөн адам катары таанымал болчу. Россия менен алаканы, дипломатиялык мамилени калыбына келтириш керек деген багытты жактап келген. Владимир Зеленскийди "ЦРУнун кол жоолугу" деп атаган. Ал Крымды ар дайым Россиянын бөлүгү деп белгилеп жүргөн.
Саясатчыны өлтүрдү деп шектелип жаткан Ютанын 22 жаштагы тургуну Тайлер Робинсон кылмышты мойнуна өзү алгандыгын айтышты. CNN жазганына караганда, бул туурасында атасына айтып, ал киши уулунун кылган кылмышын тартип сакчыларга билдирген.