Ислам, араб мамлекеттери Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотууга чакырык салды

Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Ислам, араб мамлекеттери Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотуу үчүн күчтөрдү бириктирүүгө чакырык салды. Бул туурасында Катардагы саммитте кабыл алынган декларацияда айтылганын РИА Новости жазды.
Ислам кызматташтыгы уюмуна жана Араб мамлекеттер лигасына мүчө өлкөлөр кечээ "Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотууга багытталган аракеттерди координациялоо" тууралуу чечим кабыл алышкан. Бул жыйынтык документ менен бекитилген.
Саммиттин катышуучулары Израилдин палестин элин 1967-жылдан бери Тель-Авив басып алган аймактардан ар кандай шылтоо менен көчүрүп салууга жасап жаткан кылыктарын айыптады.
"Палестин маселеси жана палестин элинин укуктары көз жаздымда калып, ортомчуларга зомбулук жана кол салуу болуп жаткан учурда Жакынкы Чыгышта адилеттүүлүк, туруктуу тынчтык орнобойт. Тескерисинче, ага Араб тынчтык демилгесин жана тиешелүү эл аралык резолюцияларды сактоо аркылуу жетсе болот", — деп айтылган документте.
Ислам кызматташтык уюмуна жана Араб мамлекеттер лигасына мүчө республикалар дүйнө коомчулугуна Израилдин палестин аймактарын басып алышын токтотуу боюнча милдетин аткарышын айтып, чакырык салышты. Бул үчүн так жана даана утурумдук чектерди коюу зарылдыгын кошумчалашты.
Андан сырткары, Газаны калыбына келтирүү боюнча араб-ислам планын ишке ашыруу учурдун кечиктирилгис иши экенин белгилешти. Мындан улам эл аралык донорлорду бул жараянга көмөктөшүүгө чакырышты.
"Биз Израилдин исламга каршы риториканы колдонушун кабыл албасыбызды баса белгилейбиз. Анысы эл аралык укуктун чегинен чыккан саясатын актоого багытталган. Буга кырып-жоюуну улантуу жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде конуштарды кеңейтүү да кирет. Мындай риторика ошондой эле араб жана ислам өлкөлөрүнүн аброюн түшүрүүгө багытталган", — деп айтылат документте.
Уюмдар Тель-Авивдин ХАМАСты бетине кармап Катардын аймагына кол салуусун айыптады. Андан сырткары, Израиль тараптан аталган эмирликке чабуулдун кайталанышы тууралуу айткан коркутуп-үркүтүүлөрүнө каршы пикирлерин билдиришти.
Иш-чаранын катышуучулары тынчтык менен коопсуз кырдаалдын болушуна эл аралык укуктардын, БУУ резолюцияларынын сакталышы маанилүү экендигин белгилешти.
Эске салсак, 15-сентябрда Дохада араб жана ислам мамлекеттеринин чукул жыйыны өттү. Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары Израилдин Катарга жасаган чабуулуна жооп кылыш үчүн бирдиктүү позиция иштеп чыгуу үчүн чогулду.
Саммитке Иран, Түркиянын президенттери Масуд Пезешкиан менен Режеп Тайип Эрдоган келген. Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бен Салман, Палестина администрациясынын башчысы Махмуд Аббас, Сириянын өткөөл учурдагы президенти Ахмед аш-Шараа катышкан.
Кыргызстандан мамлекет башчынын ордуна тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышты.
Ислам өлкөлөрүнүн башчылары Газаны калыбына келтирүүнү жакташты