БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Израиль Газа шаарын бомбалап, масштабдуу чабуулун баштады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Дүйшөмбү күнү кечинде алгач Израилдин аба күчтөрү шаарды жапырт бомбалап, андан соң танкалар кирген.
Axios бул кадамдын максаты Газаны басып алуу экендигин жазды. Ynet 20 мүнөттүн ичинде эле 37 ирет чабуул жасалып, анын ичинде тик учактар да болгонун кабарлады. Ал эми WAFA агенттигинин жазганына караганда, бул апааттан 62 киши каза болду.
Израилден эмне дешти?
Башкы штабдын начальниги, Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) башчысы Эяль Замир, "Моссад" чалгын кызматынын, коопсуздуктун жалпы кызматтарынын жана аскердик чалгындын жетекчилери премьер-министр Биньямин Нетаньяхуну операцияны баштабай турууга кеңеш беришкен.
Алар эскертишкендей, чабуул:
израилдик туткундардын өмүрүн коркунучка салышы мүмкүн;
ЦАХАЛ үчүн оор жоготуулар менен коштолушу ыктамал;
Тель-Авивди Газага аскердик башкаруу киргизүүгө мажбур кылат;
палестиналык ХАМАС кыймылын жок кылууга мүмкүндүк бербеши мүмкүн.
Операция башталгандан кийин туткундардын үй-бүлөлөрү Нетаньяхунун резиденциясынын жанына чатырларды тигип алышты.
Эске салсак, Израиль премьери 21-августта Газага көзөмөл орнотуп, ХАМАСты талкалоо планын бекиткен. Күндүз аскерлер чабуулун баштаган. Маалыматтарда бул операция 2026-жылга чейин созулуп, маневрлар катуу болгон учурда запастагы 130 миң аскер да катыша турганы айтылган.
Өткөн айдын башында Нетаньяху айланасын коопсуз кылуу үчүн анклавдын бардык аймагын көзөмөлгө алууга ниеттенип жатканын билдирген. Тель-Авив башкаруусун кийинчерээк жарандык өкмөткө өткөрүп бере турганын кошумчалаган.
Бир топ мамлекеттер, анын ичинен Египет менен Катар Израилдин бул планын сынга алды. Августтун орто ченинде акырындык менен жаңжалдын отун өчүрүүгө алып бара турган 60 күндүк кепке келүү планын алып чыгышкан. Макулдашууда 2023-жылдын 7-ноябрында туткунга түшкөндөрдүн жарымын бошотуу, бир бөлүгүн камакта жаткан палестиналыктарга айырбаштоо каралган. ХАМАС бул демилгени колдогону менен Тель-Авив унчуккан эмес.