БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. 2026-жылы Эгемендүүлүк күнүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот. Бул тууралуу аталган оюндардын катчылыгы билдирди.
Маалыматка караганда, ачылыш азем 31-август күнү Бишкекте болсо, негизги иш-чаралардын баары Ысык-Көл облусунда өтүп, 6-сентябрда жыйынтыкталат.
Маалыматка ылайык, оюндарга 90го чукул өлкөдөн катышуучулар менен меймандардын келиши күтүлүүдө.