Дүйнөдөгү тынчтыкты сактоого ниеттенген декларация долбоору

Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Иран, Россия, Беларусь, Кытай, Венесуэла жана Никарагуа өзөктүк объектилерге кол салууга тыюу салуу тууралуу декларация долбоорун сунуштады. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье каналы Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаиге таянып билдирди.
Документтин текстинде бардык өлкөлөр өзөктүк энергетиканы өнүктүрө ала тургандыгы айтылган. Аны менен катар эле башка мамлекеттердеги өзөктүк объектилерди коргоого көңүл бурушу керектиги көрсөтүлгөн.
Иран өзөктүк куралдан баш тартууну кепилдеген келишимди түзүүгө даяр