Пресс-борбор

Кыргызстандагы койдун кайсы породасына чет элде кызыгуу күчөгөнү айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өстүрүлгөн койдун жаңы породаларына чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусу артууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарбачылыгын, жайыттарды жана тоютту өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Мыктыбек Каландаров Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы патенттелген арашан породасына Өзбекстан менен Казакстандан келген фермерлер өзгөчө кызыгып жатат. Койдун бул түрүнөн төл алып, жакшы киреше тапса болот.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарбачылыгын, жайыттарды жана тоютту өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Мыктыбек Каландаров
"Ар бир породаны чыгарууда өзүнүн стандарты бекитилет. Мындан тышкары, атайын генетикалык изилдөө жүргүзүлөт. Арашан коюн өстүрүүдө "Элдик селекция" колдонулган (жаныбарлардын жана алардын тоютунун сортторун, микроорганизмдердин штаммдарын жакшыртуу ыкмасы)", — деди Каландаров.
Ал таза кандуу, теги тастыкталган мал кымбат турарын белгиледи.
"Быйыл патенттелген ала-тоо породасына көбүнчө азербайжандыктар кызыгып жатат. Анткени алар тоо шартына ылайыкташкан. Жандык жергиликтүү кыргыз койлору менен гиссар тукумундагыларды аргындаштыруу жолу менен чыгарылган. Климатыбыз жакшы болгондуктан бул койлор тоодо жайылып, тоо чөбүн жей алат", — деди Каландаров.
Ал бүгүнкү күндө салмагы 170-180 килограммдык койлорду сатып алууга болорун кошумчалады.
Бишкекте жаңы мал базар ачылды. Сүрөт