17-сентябрга карата аба ырайы

17-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Шаршембиде республиканын бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 17…22, Талас өрөөнүндө 16…21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 22…27, Ысык-Көл жеринде 15…20, Нарын чөлкөмүндө 17…22 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 20…22, Ош шаарында 24…26 градусту көрсөтөт.
Суук түшүп, үшүк жүрөт! Октябрга карата аба ырайы