Бүгүнкү "Туяк" программасы улуу гитарист, композитор жана Кыргызстандын профессионалдык музыка өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон инсан — Турдакун Керимбековдун чыгармачылыгына арналды. Программада Турдакун Керимбековдун өмүр жолу, музыкага болгон мамилеси, өзгөчө аткаруу стили жана элибиздин аспаптык искусствосунда калтырган мурасы тууралуу кеңири сөз болду. Анын музыкасы улуттук ыр-күүлөрдү заманбап гитара өнөрү менен айкалыштырып, көптөгөн угармандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Маекте конок катары анын шакирти, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын доценти Нурлан Асанканов катышып, устаты менен болгон чыгармачыл мамилеси, Керимбековдун мугалим катары өзгөчөлүгү, окутуу ыкмалары жана анын мурасын кийинки муундарга жеткирүүдөгү мааниси тууралуу баалуу ойлорун ортого салды.