Бүгүн “Ата-Бейитте” 2022-жылы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон окуялардын үч жылдыгына арналган эскерүү митинги өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.Курман болгондорду эскерүүгө УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты. Иш-чара жоокерлердин мүрзөлөрүнө гүлчамбар коюу менен башталып, андан соң куран окулду.“Каза болгон аскер кызматкерлеринин эрдиги Кыргызстандын тарыхый жылнаамасына түбөлүккө жазылды.Ушул жылдын май айында мамлекеттик чек араны коргоодо курман болгон жоокерлерге арналган эстеликтин ачылыш аземи болуп өткөн. Жаңы монумент тынчтыктын баасы жогору экенин эске салып, КРдин коопсуздугу үчүн өмүрүн берген баатырларга арналган”, — дешти УКМКдан. Гранит плиталарга 2000-жылдан бери куралдуу кагылышууларда курман болгон 59 аскер кызматкеринин ысымдары жазылган. Алардын 50ү чек арачылар болгон. Төртөөнүн сөөгү "Ата-Бейит" аймагына коюлган. Каза болгон аскерлерди эскерүүгө арналган иш-чаралар Чек ара кызматынын бардык облустук башкармалыктарында өттү.
Жыл аягына чейин экспорттун көлөмүн 70 млрд сомго жеткирүү пландалган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Агроөнөр жай тармагынын приоритеттүү секторлоруна инвестиция тартуу" атту форумда билдирди. Анын айтымында, кайра иштетүү өнөр жай тармагында өндүрүштүк процесстер жана көрсөткүчтөр жанданып, жыл сайын өсүш көрсөтүүдө. Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында Айыл чарба министрлигинин демилгеси менен "WAPinvest 2025" инвестициялык форуму өтүүдө.
Бүгүн Борбор Азиянын тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү менен "Чек-2025" командалык-штабдык машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти келди. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, казакстандык аскер кызматкерлери Тамчы айылындагы аэропортко келип конушту. Министрликтин өкүлдөрү достук жана коңшулаштык мамиленин белгиси катары келген аскер кызматкерлерин кыргыз элинин салттарына ылайык салтанаттуу тосуп алышты.
Кыргызстанда өстүрүлгөн койдун жаңы породаларына чет өлкөлүктөрдүн кызыгуусу артууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мал чарбачылыгын, жайыттарды жана тоютту өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Мыктыбек Каландаров билдирди. Анын айтымында, 2021-жылы патенттелген арашан породасына Өзбекстан менен Казакстандан келген фермерлер өзгөчө кызыгып жатат. Койдун бул түрүнөн төл алып, жакшы киреше тапса болот.Ал таза кандуу, теги тастыкталган мал кымбат турарын белгиледи."Быйыл патенттелген ала-тоо породасына көбүнчө азербайжандыктар кызыгып жатат. Анткени алар тоо шартына ылайыкташкан. Жандык жергиликтүү кыргыз койлору менен гиссар тукумундагыларды аргындаштыруу жолу менен чыгарылган. Климатыбыз жакшы болгондуктан бул койлор тоодо жайылып, тоо чөбүн жей алат", — деди Каландаров. Ал бүгүнкү күндө салмагы 170-180 килограммдык койлорду сатып алууга болорун кошумчалады.