Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Министрлер кабинети калктын турмуш деңгээлин жогорулатууга бардык күч-аракетин жумшоодо. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди. Минкаб башчысы белгилегендей, 2024-жылы биздин өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 25,7%га төмөндөгөн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 4,1 пайыздык пунктка аз. Бул абдан натыйжалуу көрсөткүч. Жакырчылыкты кыскартуунун негизги фактору калктын кирешесинин көбөйүшү болду. 2024-жылы калктын жан башына акчалай кирешеси 16,5%га өскөн. Үстүбүздөгү жылдын 7 айында орточо эмгек акы 42 миң 522 сомду түзүп, 20,4%га өстү.
Кыргызстан өзүн кайсы азык-түлүк менен камсыздай аларын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тизмектеп берди.Бүгүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин пресс-борборунда азык-түлүк коопсуздугу боюнча брифинг өттү. Министрликтин өкүлү Мээрим Есенкулова республика өзүн камсыздай турган азыктарды атап, жети айдын көрсөткүчү менен бөлүштү. Картошка, бакча өсүмдүктөрү, шекер, жумуртка жана сүт — мунун баары өлкөдө өндүрүлүп, толук камсыздалат;Эт — өлкө өзүн 80% камсыздай алат;Мөмө-жемиш, суу май — республика өзүн толук камсыздай албайт.Адис бул алдын ала берилген маалымат экенин, так сандар жылдын соңунда айтыларын белгиледи.
Кыргызстан туризмдин ИДПдагы үлүшүн 7 пайызга жеткирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык туризм форумунда экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов билдирди. Ал туризм түрк тилдүү элдердин достугун жана өз ара түшүнүшүүсүн бекемдөөнүн маанилүү фактору экенин белгилеп, Кыргызстан 2025-2030-жылдарга арналган Туруктуу туризмди өнүктүрүү программасын ырааттуу ишке ашырып жатканын айтты. "Бул программа туризмдин ИДПдагы үлүшүн 7 пайызга жеткирүүнү, өлкөнүн дүйнөлүк атаандаштык рейтингинин алдыңкы 50 өлкөсүнө кирүүсүн жана туристтердин агымын жыл сайын 10 пайызга көбөйтүүнү камтыйт. Биз туризмди жөн гана экономикалык тармак катары эмес, түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын көпүрөсү катары карайбыз. Программанын ишке ашырылышы Кыргызстанды дүйнөнүн ар тарабынан келген туристтер үчүн жагымдуу борборго айландырууга багытталган", – деди Туманов.
Ислам, араб мамлекеттери Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотуу үчүн күчтөрдү бириктирүүгө чакырык салды. Бул туурасында Катардагы саммитте кабыл алынган декларацияда айтылганын РИА Новости жазды. Ислам кызматташтыгы уюмуна жана Араб мамлекеттер лигасына мүчө өлкөлөр кечээ "Израилдин БУУдагы мүчөлүгүн токтотууга багытталган аракеттерди координациялоо" тууралуу чечим кабыл алышкан. Бул жыйынтык документ менен бекитилген. Саммиттин катышуучулары Израилдин палестин элин 1967-жылдан бери Тель-Авив басып алган аймактардан ар кандай шылтоо менен көчүрүп салууга жасап жаткан кылыктарын айыптады."Палестин маселеси жана палестин элинин укуктары көз жаздымда калып, ортомчуларга зомбулук жана кол салуу болуп жаткан учурда Жакынкы Чыгышта адилеттүүлүк, туруктуу тынчтык орнобойт. Тескерисинче, ага Араб тынчтык демилгесин жана тиешелүү эл аралык резолюцияларды сактоо аркылуу жетсе болот", — деп айтылган документте.