Жакынкы күндөрү эле Бишкек шаарынын четинде жайгашкан жаңы "Алтын Казык" базары ишке берилди. Айыл чарба министрлиги ал заманбап талаптарга ылайык курулганын, жалпы аянты 4 гектарды түзүп, жандык жана бодо малдарга жабык орундар даярдалганын кабарлады. Ошондой эле шаардагы эски мал базарлар жаңы базарга көчүрүлмөкчү. "Алтын Казык" базарынын курулушуна 200 млн сомдон ашык каражат коротулган. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз" программасында өлкөдөгү мал базарлар тууралуу маектештик.