Кыргызстан менен Россия тарых боюнча Эксперттик-консультативдик кеңеш түздү

Sputnik
БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия биринчи жолу тарых боюнча Эксперттик-консультативдик кеңеш түздү. Бул тууралуу "Алтай — түрктөрдүн түпкү мекени. Түрк цивилизациясынын жаралуу тарыхына карай" аталышындагы II эл аралык илимий конференциянын жүрүшүндө белгилүү болду.
Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга РФ президентинин алдындагы тарыхый агартуучулук боюнча ведомство аралык комиссиянын төрагасы Владимир Мединский жана КР мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов кол койгон.
Демилге тарыхый чындыкты, Россия менен Кыргызстандын өткөн күнүн сактоого байланышкан аракеттерди координациялоого өбөлгө болот. Теңчиликтин, тарыхый окуяларды бир жактуу интерпретациялоого жол бербөөнүн маанилүүлүгү айтылды.
Муну менен бирге меморандумда эки өлкөнүн тарыхый өзгөчөлүгүн жана улуттук эс тутумун урматтоонун орду да белгиленген. Тарыхый окуялардын ар тараптуу чечмеленип жайылтылышы, аларды илимий жактан объективдүү жана бейтарап карап чыгуунун зарылдыгы тууралуу кеп болгон.
Кеңештин ишин Россиянын Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун директору Адикбер Аликберов жана Кыргызстандын Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору Абылабек Асанканов тескейт.
"Меморандумдун башкы максаты — Россия менен Кыргызстандагы балдардын ынак дос болуп, бири-бирин сыйлап, түшүнүп өсүүсүнө шарт түзүү. Мындан тышкары, тарых китептерин бир нукка салуу маселеси да бар", — деди Мединский.
Иманкулов тарыхты сактоо, анын бурмаланышына жол бербөө эки мамлекеттин тең милдети экенин белгилеген.
"Меморандумдун мааниси чоң, бизди жалпы тарых байланыштырып турат. Бөлүп-жарылууга алып келе турган пикир келишпестиктерге караганда орток нерселерибиз арбын", — деди мамкатчы.
Меморандумдун алкагында биргелешкен программалар, иш-чаралар мерчемделген. Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Россиянын жалпы тарых боюнча маселелерин чагылдырган окуу китебин даярдоону да макулдашышты.
Октябрда Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт