Жоокерлерге жеңилдик берип, акы алып турушкан. Аскер кызматкерлери кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыска мөөнөттүү өргүү алууга жана аскер бөлүктөн уруксатсыз чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, уюлдук телефон колдонууга уруксат берип жоокерлерден акча алган коррупциялык схема уюштурган аскер адамадары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мындай көрүнүш "Кой-Таш" аскер бөлүгүндө аныкталган. Маалыматта алар аталган жеңилдиктерди бергени үчүн аскерлерден 1 000 сомдон 50 000 сомго чейин акча алышканы айтылат.
"Факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси менен иш козголду. Аны иликтөөнүн алкагында Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча окуу батальонунун командиринин орун басары Б.М.М. жана окуу батальонунун 2-ротасынын 1-взводунун командири К.А.Б. кармалып, тергөө абагына камалды", — деп жазылган билдирүүдө.
Атайын кызмат коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чараларын улантууда.
Ири суммада акча талап кылган чекисттерге ишенбегиле! Ташиев элге кайрылды