БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Токмоктогу Ислам академиясынын ачылышында сүйлөп жатып, кыргыз эли катарлыктар менен палестиналыктарга тилектештик билдирерин айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал Катарга жасалган ракеталык соккулар жана Газа секторундагы абалга байланыштуу Дохада араб-ислам өлкөлөрүнүн чукул саммити өтүп жатканын эске салган.
"Кыргызстан эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы экенин жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчуткан аракеттерге жол берилбеши керектигин белгилейт", — деген президент.
Эскерте кетсек, жаңы ачылган Ислам академиясы теология жана дин таануу багытындагы адистерди даярдайт. Окуу жай толук мамлекеттен каржыланат. Ал президенттин жарлыгы менен түзүлгөн.